Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды  

Кечээ, 17-августта Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул туурасында Сейсмология институтунун маалыматында айтылат.

Маалыматка ылайык, жер титирөө кечээ, 17-августта саат 19:54тө катталып, күчү 4,5 баллга жеткен.

Жер титирөөнүн күчү Сузак районунун Октябрь, Жерге-Тал айылдарында - 4,5 балл, Көк-Жаңгак шаарында, Кара-Чолок айылында - 4 балл, Жалал-Абад шаарында 3,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан