Ысык-Көлдөгү мушташка байланыштуу 3 жаран кармалды 

Ысык-Көлдөгү мушташка байланыштуу 3 жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Белгиленгендей, Кош-Көл айылынын "Радуга Вест" эс алуу борборуна жакын орун алган пляжда скутердин ижарачылары менен эс алуучулардын ортосундагы окуя боюнча Ысык-Көл РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иштери козголду.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында окуяга катышкандардын өздүктөрү аныкталган. Алар скутердин ижарачылары - 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну А.Ж., Кош-Көл айылынын тургундары С.А. жана Б.Э., ошондой эле эс алуучулар - Казакстандын Алматы шаарында жашаган Кыргыз жарандары, 55 жаштагы С.Д. жана анын уулу 27 жаштагы С.Э. болуп чыгышты. Окуянын бардык катышуучулары тергөө кызматына алып келинип, алардан көргөзмөлөрү алынган.

Эске салсак, 16-август күнү оозеки пикир келишпестиктин натыйжасында эс алуучу 27 жаштагы С.Э. скутердин ижарачысы 18 жаштагы С.А.ны биринчи уруп жибергенден кийин, башка скутердин ижарачылары эс алып жаткан атасы менен баласын сабашкан.

Козголгон кылмыш иштеринин алкагында, скутердин ижарачылары Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну А.Ж., жана Кош-Көл айылынын тургуну С.А., ошондой эле Алматы шаарында жашаган Кыргыз жараны, 27 жаштагы С.Э. сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан