
Өлкө боюнча 58 миң 37 баш уй жасалма жол менен уруктандырылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 264 жасалма уруктандыруу пунктары өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.
Ушул жылдын 2-кварталына карата 58 миң 37 баш уй, кунаажын уруктандырылды.
Бул көрсөткүч 2022-жылдын 2-кварталына салыштырмалуу (57 340) 697 уйга көп уруктандырылганы айтылат.