Кыргызстандык спортчу Калмира Билимбек кызы Иорданияда өтүп жаткан 20 жашка чейинки (U20) балбандар арасындагы дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынды.
Балбан кыз 59 килограмм салмакта килем үстүнө 16-августта чыгып, таймашты квалификациялык айлампадан баштаган. Биринчи кармашында ал өзбекстандык спортчуну 11:1 эсебинде жеңди. Андан кийин 1/8 финалда казакстандык балбан кызды 8:1 эсебинде утуп келе жатып, далысын килемге басып, таза жеңишке жетти. Чейрек финалда ал япониялык атаандашын 10:0 эсебинде уткан.
Бирок жарым финалдык беттеште Калмира Билимбек кызы бейтарап туунун алдында чыгып жаткан Алеся Гетмановага 4:6 эсебинде жеңилип, коло байге үчүн күрөшө турган болгон.
Үчүнчү орун үчүн болгон беттеште түркиялык балбан кызды 11:0 эсебинде утуп алды.
Бул дүйнөлүк чемпионатта (U20) Кыргызстандын курама командасынын биринчи медалы.