Кыргызстан менен Казакстандын аскер кызматкерлеринин биргелешкен машыгуусу башталды

Кечээ, 17-августта Ысык-Көлдөгү 20636 аскер бөлүгүнүн базасында Кыргызстан жана Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн атайын багыттагы бөлүктөрү менен "Эрдик" биргелешкен тактикалык-атайын машыгуусунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

"Машыгуунун жүрүшүндө чектеш аймактарда террордук коркунуч келип чыккан учурда бирдиктүү аракеттенүү механизмин иштеп чыгуу жана күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда тартылуучу бөлүкчөлөрдүн күжүрмөн жөндөмдүүлүктөрүн баалоо маселелери иштелип чыгат", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалымдалгандай, машыгууга 150дөн ашык аскер кызматчылары жана 30га жакын атайын жана авиациялык техникалар тартылат.

Иш-чара 23-август күнү практикалык иш-аракеттерди аткаруу менен аяктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан