Канадада түндүк-батыш аймактарынын калкын массалык түрдө эвакуациялоо башталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Канада түндүк-батыш аймактарынын 20 миң тургунун эвакуациялоодо. Токой өрттөрү Йеллоунайф субполярдык чөлкөмүнүн борборуна жакындады.
"Токой өрттөрү уюлдук чөлкөмдүн борбору Йеллоукнайфка жакын жерде болду. Жергиликтүү бийликтин айтымында, 20 миң адам, анын ичинде жергиликтүү жамааттар үйлөрүн мүмкүн болушунча тезирээк таштап кетүүгө тийиш.
Көптөгөн автожолдор жабылды. Эвакуациялоого аскердик-транспорттук авиация тартылган.
200дөн ашык токой өрттөрү буга чейин түндүк-батыш аймактарынын кеңири аймагын өрттөп жиберген. Жаан жаабаса өрт дем алыш күндөрү Йеллоулайфка чейин жетип калышы мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин 6 миң 800гө жакын адам же аймактын калкынын 15 пайызы жашаган сегиз конуш эвакуацияланган.
Белгилей кетсек, быйыл Канадада рекорддук сандагы токой өрттөрү катталган. 21 миң чарчы чакырымдан ашык аймактар. Учурда өлкөдө 1000ден ашык активдүү өрт кырсыгы катталды.