Чолпон-Атада жол кайгуул кызматынын унаасы катышкан жол кырсыгы болду. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-август күнү болжол менен саат 02:45 чамасында Балыкчы Ананьево-Каракол авто жолунда Тайота-Авалон үлгүсүндөгү авто унаасы күн чыгыш тарапты көздөй бара жатып, бир багытта бара жаткан Рено-Логан үлгүсүндөгү кызматтык унааны сүзүп алган.
"Текшерүү учурунда Тайота-Авалон үлгүсүндөгү авто унаанын айдоочусу мас абалында болгондугу аныкталган. Жол кырсыгынын натыйжасында кызматтык унаадагы эки кызматкер жеңил жаракаттарды алышкан. Азыркы учурда эки авто унаа тең убактылуу айып короо жайына токтотулду", - деп жазылат анда.
Тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.