Италия Муаммар Каддафинин өлтүрүлүшүн "чоң жаңылыштык" деп атады

Италиянын тышкы иштер министри, вице-премьер-министр Антонио Таяни 2011-жылы Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин өлтүрүлүшүн "чоң жаңылыштык" деп атады. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы билдирди.

Министрдин айтымында, Каддафи "демократиянын үлгүсү болбогонуна" карабастан, анын өлүмү Ливияда жана бүткүл Түндүк Африкада саясий туруксуздукка алып келди.

Таяни Каддафи менен болгон келишимдердин аркасында Италия миграция агымын токтото алганын, абал бир топ туруктуу болгонун айтты.

Италиянын вице-премьер-министри Тоскандагы Лукка шаарындагы коомдук иш-чарада: "Ал өзүнөн кийин келгендерге караганда, албетте, жакшыраак болчу. Андан кийин террористтер келишти", - деди ал.

Белгилей кетсек, полковник Муаммар Каддафи Ливияны 42 жыл башкарып, араб социализминин саясатын жүргүзгөн. Ал өзүнүн башкаруусунун башында Ливияны мусулман дүйнөсүндөгү эң бай мамлекеттердин бирине айландырган. Бирок анын өмүрүнүн аягында калктын 40 пайызга жакыны жакырчылыктын чегинде болгон. 2010-жылдын аягында Ливияда Каддафинин бийликтен кулашына алып келген социалдык-экономикалык кризистен улам массалык нааразычылык акциялары башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан