Шавкат Мирзийоевге жардам сурап кайрылган Кыргыз жаранына юридикалык баа берилет

Кечээ, 17-августта Ош шаарынын тургуну Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевге видео кайрылуу жасаган. Ал видео социалдык тармактарга жүктөлгөн.

Белгилүү болгондой, Амир-Темир кичи шаарчасынын 60 жаштагы тургуну кайрылуусунда Өзбекстандын президентин Ош шаарына келип кетүүгө чакырган.

"Ачык айтууга аргасыз болуп жатам. Ошко келип тарыхта кала турган иштерди жасасаңыз жакшы болмок. Биз баарын ачык айтып бермекпиз. Бизди ойлошпойт, документ, жол менен иштери жок. Улутчулдук чектен ашып кетти. Балким, сиз ал жөнүндө билесиз. Документтерде атайын ката жазып, биздин үстүбүздөн күлүп жатышат”, - деген ал.

Кайрылуу жарык көргөндөн кийин, ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келинип, кайрылуу жасоосунун себептери суралган. Ошол эле учурда ал атаган фактыларды аныктоо үчүн жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте тиешелүү иш-чаралар аткарыла баштаганы кабарланат.

Мындан сырткары анын кайрылуусу, сөздөрү канчалык мыйзамдуу экендигин териштирүү боюнча бир топ иштер аткарылып, тиешелүү экспертизалар дайындалат жана кайрылуу жолдогон жаранга юридикалык баа берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан