Баткенде "сасык чайыр" өсүмдүгүнүн майын саткандардын ишине бөгөт коюлду

Баткен облусунда “сасык чайыр” өсүмдүгүн чогултуу жана сатуу боюнча мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта УКМКдан билдиришти.

Маалымдалгандай, 8-августта Баткен шаарынын аймагында ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруу учурунда ак түстөгү Тойота Эстима унаасы кармалган. Аны кароо учурунда салонунда жана багажында өлкөдө чогултууга тыюу салынган "сасык чайыр" дары өсүмдүгү аталган 12 даана көлөмүндөгү 35 литрлик идиштери табылган.

Кармалган жүктүн жалпы салмагы 300 килограммдан ашык, көмүскө базардагы баасы 20 миң доллардан башталат.

Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо максатында тергөөгө чейинки иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан