Соңку суткада өлкө аймагында 22 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.
Маалымдалгандай, аны өчүрүүгө 22 бөлүм тартылган.
"Бишкек шаарында – 6, Ош облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 3, Чүй облусунда – 7, Баткен – 1 өрт кырсыгы катталды", - деп айтылат билдирүүдө.
Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон.