Бүгүн, 18-августта Бишкекте нан бышыруучу жай менен жыгач иштеткен цех өрттөнүп кетти. Ал саат 08:13тө чектөөгө алынып, 10:42де толук өчүрүлгөн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ӨКМнын маалымат кызматынан билиришти.
Маалымдалгандай, өрттүн жалпы аянты болжол менен 600 чарчы метрди түзөт. Анын кесепетинен жабыркагандар жок.
Өрттү өчүрүүгө министрликтен 3 бөлүм, штаб жана 1 суу ташуучу унаа тартылганы кабарланды.