Бишкекте тургундун үйүнө уурулукка кирген шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Бишкек ШИИББинен билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 2-майда О.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан көп кабаттуу батирлердин бирине мыйзамсыз кирип, 704 миң 800 сом өлчөмүндөгү акчаны уурдап кеткен белгисиз жарандарга карата чара көрүүнү суранган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, кылмышка шектелип буга чейин соттолгон 1981-жылы туулган М.Т. аттуу Казакстандын жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Бишкек шаарынын Ленин районунун соту тарабынан шектүүгө карата Бишкек шаарынын СИЗО-1 абагына 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалгандыгы айтылды.