Бүгүн, 13-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жылдын мыктыларын аныктаган концерт өтөт. Ошондой эле жарым жылдан бери жүргүзүлүп жаткан «Супер сулуу-2013» сынагынын жыйынтыгы чыгарылат.
“Жылдын супер дебюту” наамына талапкер ырчы Асел Кадырбекова учурда кызуу даярданып жатканын билдирди. “Азыр көйнөктөрүмдү даярдап жатам. Буга чейин “Супер-Инфо” гезитинин жылдын мыктыларын тандагандардын катарына кирсем кызыл көйнөк кийип барам деп ойлоп койгон элем. Наиль Байкүчүковдун тиккен дизайнерлик көйнөгүн тандап алдым. Бийчилер менен даярдануунун алдында турабыз. Супер концертке жеке концертиме даярдангандай чуркап жүрөм”,- деди ырчы.