Бишкекте поезд менен жүк ташыган унаа кагылышты

Борбор калаада Бишкек-1 станциясы менен Мурманск көчөсүнө жакын жайгашкан жерде маневрдик поезд менен көмүр ташыган унаа кагылышты. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

Маалымдалгандай, кырсык кечээ, 17-августта саат 16:15 чамасында болгон. Анда №49 туташтыруучу темир жол өтмөгүндө маневрдик поезд менен көмүр ташыган чиркегичи бар КамАЗ сүзүшкөн.

Ага ылайык, "Кыргыз темир жолу" ишканасынын комиссиясы КамАЗ`дын айдоочусу жол белгилеринин талаптарын эске албай, жакындап келе жаткан поездге карабастан темир жолго чыгып кеткендигин аныктады. Натыйжада темир жол менен бара жаткан маневрдик поезд КамАЗ менен кагылышып, жүк ташуучу унаа капталына оодарылып кетти.

Маалыматта катталган кырсыктан жабыркагандар жок экендиги айтылды.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы бардык жарандарга жана айдоочуларга темир жол өтмөктөрүнөн өтүүдө коопсуздук эрежелерин так сактоо зарылдыгын эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан