УКМК трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон чет өлкөлүк жаранды кармады. Бул туурасында атайын кызмат бүгүн, 18-августта маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Алдамчылык) боюнча иш козголгон.
Такталгандай, шектүү алдамчылык жолу менен Кыргыз жараны Б.Д.К.нын ишенимине кирип, санариптик активге ээ болуу максаты менен мыйзамсыз түрдө 1 миллион 800 миң доллар өлчөмүндөгү криптовалютаны ээлеп алган.
Шектүү чет мамлекеттин жараны К.Ш.Р УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.
Учурда УКМК тарабынан аталган кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.