Баткенде облус аймагында мыйзамсыз лотерея уюштурган жаран кармалды 

Баткенде лицензия албастан облустун аймагында массалык лотерея уюштурган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, УКМКнын жана милиция кызматкерлери "Лотереялар жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузуп, лицензия албастан, облустун аймагында массалык лотерея оюндарын уюштурган Кыргыз жарандарын аныктады.

"Мыйзамсыз иштин уюштуруучусу, Баткендин Самаркандек айылынын 1993-жылы туулган тургуну К.у.К. жана башка тиешеси бар адамдар аныкталды. Уюштуруучулар лотерея билеттерин (жалпы суммасы 8 миллиондон ашык сомго 2 миң 800 даана сатып) Лотереянын жүрүшү YouTube аркылуу көрсөтүшүп, төлөмдү онлайн арыздар аркылуу алышкан", - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, аныкталган факты боюнча “Мыйзамсыз ишкердик кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Уюштуруучулардын жашаган жеринен тинтүү учурунда лотереялык барабандар, ойнотулуучу унаалардын документтери, лотерея билеттери жана ишке тиешелүү башка документтер алынган.

Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Мирлан
2023-08-18 15:55:00
Чай пайга акча бербей койгонда. Ошон үчүн кармалды.
-1
Jigitaliev95
2023-08-18 16:29:00
Кыргызстанда кичине эле бироо бир жумуш баштаса же кичинекей магазин ача калса кыскасы прибыль тушчу жер болсо органдын иттери кучукторун жиберет... Жумуш орундар аз дээрлик жок болсо эл ойлонуп аракеттенип бир киреше булагын баштаса ошону да жон койбойсунар сразу эле барып баса калбай эй жигит сен окмотко налог толошун керек точнее мына биз кучукторду иттери мн кошо багышынар керек болбосо болбойт каап тиштеп алабыз деп &
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан