Колумбияда бир катар катуу жер титирөөлөр болуп, жергиликтүү тургундарды дүрбөлөңгө салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, жердин силкинүүсү 17-августта болгон. Жер титирөөнүн күчү сейсмологдордун айтымында, 6,3 баллга чейин жеткен.
Жер силкинүүнүн очогу Вильявисенсио шаарына жакын жерде жайгашкан. Кыйроолор тууралуу маалымат жок. Жер титирөө борбор шаар Боготада да сезилди. Анда бир аял каза болгону кабарланды.
Маалыматка ылайык, ал терезеден секирип, алган жаракатынан улам каза болгон. Дагы бир нече киши жарадар болду. Айрым аймактарда жер көчкү жүргөнү айтылды.