Кыргызстандык спортчулар бадминтон боюнча чемпионатта үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу Бишкек мэриясы маалымдайт.
Белгиленгендей, бадминтон боюнча Борбор Азия чемпиондугу 31-июлдан 5-августка чейин Тажикстанда өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Иран жана Түркмөнстандан 15 жана 17 жашка чейинки бадминтончулар катышты.
Аталган мелдешке Кыргызстандын атынан Спорттук оюндар боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары катышып, командалык эсепте жана жуптар арасында үчүнчү орунга ээ болушту.
Сыйлыкка ээ болгондор:
Спортчулар мелдешке машыктыруучулары Ниязбек Татарбек жана Улан Майрамбек уулунун жетекчилиги астында катышты.