Бишкекте тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Маалымдалгандай, 16-август күнү милицияга Т.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында түнкү саат 23:00 чамасында кичи автобустун биринде анын жашы жете элек инисинин сумкасынан 4 500 сом акча каражатын ээлеп алган белгисиз адамга чара көрүүнү суранган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, шектүү катары 2003-жылы туулган К.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.