УКМК Сириядагы согушка катышкан жарандарды кармады (видео)

Террористтик мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштарга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында атайын террористтик даярдыктан өтүп, Сириядагы согуштук иш-аракеттерге эл аралык уюмдар тарабында катышкан 1994-жылы туулган М.у.Б. жана 1993-жылы туулган А.у.Т. аттуу Кыргызстандын жарандары кармалды.

"Жогорудагы адамдар эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) эмиссарларынын жетекчилиги астында чет мамлекеттин аймагында согуштук аракеттерге катышып, 2019-жылдан бери террористтик мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүрүшкөн. Алар УКМКнын тергөө абагына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Улуттук коопсуздук органдары тарабынан террористтик жана диний-экстремисттик ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштер улантылып жатканы кошумчаланды.

Видео: УКМК
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан