Өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкек шаарында испаниялык "Барселона" клубунун легендалары менен жолдоштук беттеште ойнойт. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта мамлекет башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Маалымдалгандай, анда президент Жапаров "Азия легендалары" командасынын курамында оюн талаасына чыгат. Футболдук беттеш 30-августта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 20:00дө башталат.
Белгилей кетсек, "Барселонанын" жылдыздары Кыргызстанда үч күн, 28-августтан 30-августка чейин болот. Алар испаниялык клубдун Жалал-Абаддагы академиясынын расмий ачылыш аземине катышып, Бишкекте жолдоштук беттеш өткөрөт.