Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан "Мейкин Азия" фестивалына эл аралык калыстар тобу калыстык кылууда. Бул тууралуу бүгүн, 19- августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Маалымдалгандай, калыстар тобунун төрагасы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Актан Исабаев.
Мүчөлөрү:
Селим Чалдыран - Түркия;
Марьян Катароски - Түндүк Македония;
Бахтияр Тайлакбаев - Казакстан;
Нодир Садыков - Өзбекстан;
Микаэла Роуз - Германия;
Вадим Хусаинов - Орусия.
Белгилей кетсек, сынакка дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн 17 талант катышууда.
Кечээ фестивалдын биринчи күнүндө катышуучулар өз эне тилинде ырларды жандуу аткарышты. Ал эми бүгүн дүйнөлүк хит ырларды аткарышат.