Көк бөрү: "Достук" клубу казакстандык "Түркстан" клубун ири эсепте жеңип, 3-орунду ээледи 

Бүгүн, 20-августта "Достук" командасы Казакстандан келген "Түркстан" командасын ири эсепте жеңип, көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө чемпиондугунун алкагындагы Достук кубогунда 3-орунга ээ болду.

Эки команданын беттеши 11:3 эсебинде кыргызстандык клубдун жеңиши менен аяктады.

Оюнда "Достуктун" катарынан Султан Русланов 4 салым таштаса, Манас Ниязов 2 улак салды. Ал эми Кубаныч Султан уулу, Аскат Аскаров, Элдияр Жеңишбеков, Кыяз Ниязов, Марлис Койгелдиевдер бирден салым салышты.

Эске салсак, "Достук" командасы жарым финалда Таластын "Ынтымак" клубуна жеңилип калган. Ал эми "Түркстан" мекендеш командага, тагыраагы "Астанага" жеңишти алдырып, финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүн жоготкон.

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттештери орун алууда. Анда Кыргызстан менен Казакстандын 45 жаштан жогорку курактагы көк бөрүчүлөрү Ардагерлер кубогу үчүн күч сынашат. Ал эми Биринчи лиганын кубогун Кыргызстандын "Жаштык" клубу менен Орусиянын "Красноярск" клубу талашат. Ошондой эле турнирдин негизги беттеши болгон Достук кубогу үчүн эрөөл кыргызстандык "Ынтымак" клубу менен казакстандык "Астана" клубдарынын ортосунда өтөт.

Аталган мелдеш 13-августта башталган. Турнирге дүйнөнүн 6 мамлекетинен келген 22 команда катышты. Мелдештин башкы максаты көк бөрү спортун эл аралык деңгээлде өнүктүрүү жана мамлекеттер аралык ынтымакты бекемдөө болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан