Жалал-Абаддагы №1 кесиптик лицейинде оңдоп-түзөө иштери башталды

Жалал-Абад шаарындагы №1 кесиптик лицейи Дене тарбия жана спорт департаментине өткөрүлгөндөн тарта оңдоп-түзөө иштери башталды.

Мекеменин басма сөз кызматынан билдиргендей, дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов аталган кесиптик лицейдин оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Азыркы учурда аталган лицейдин айрым имараттары капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж болсо, кээ бири авариялык абалда. Ошол себептен республикалык бюджеттен 120 миллион сом акча каражаты каралып оңдоп-түзөө иштери Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан өткөрүлүп жатат.

Билим алууга жакшы шарт түзүү үчүн төрт кабаттуу жатакана жана спорттук залдарды капиталдык оңдоо пландалууда. Мындан сырткары, окуучуларга керектүү куралдар жана спорттук шаймандар менен камсыздоо талап кылынат

Эскерте кетсек, Министрлер кабинети 23-майда Жалал-Абад шаарындагы №1 кесиптик лицейин Дене тарбия жана спорт департаментине өткөрүү боюнча токтом чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан