Бүгүн, 20-августта Кыргызстандын ардагер көк бөрүчүлөрү казакстандык атаандаштарын жеңип, Ардагерлер кубогуна ээ болду.
Финалдык беттеш 4:0 эсебинде жыйынтыкталды. Оюнда Кыргызстандын катарынан Мирлан Алсейитов 3 салым, Эрмек Шекитов 1 салым таштады.
Белгилей кетсек, бүгүн Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттештери орун алууда.
Аталган мелдеш 13-августта башталган. Турнирге дүйнөнүн 6 мамлекетинен келген 22 команда катышты. Мелдештин башкы максаты көк бөрү спортун эл аралык деңгээлде өнүктүрүү жана мамлекеттер аралык ынтымакты бекемдөө болуп саналат.