Көк бөрү: "Ынтымак" финалда "Астананы" жеңип Дүйнө кубогуна ээ болду

"Ынтымак" командасы көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө чемпиондугунун финалында Казакстандан келген "Астана" клубун жеңип алды. Достук кубогу үчүн болгон беттеш 10:1 эсебинде кыргызстандык клубдун жеңиши менен аяктады.

Оюнда "Ынтымактын" катарынан Нооруз Раатбек уулу менен Өмүрбек Эсен уулу үчтөн салым салышса, Нуржан Мелисбек уулу 2 улак таштады. Ошондой эле Майрамбек Рысбек уулу менен Бакыт Төлөгөн уулу бирден улак салышып, командасына упай алып келишти.

Ал эми "Астананын" жалгыз упайын Элдияр Жээнкулов иштеп тапты.

Белгилей кетсек, "Ынтымак" клубу финалга чейинки баскычтарда Кыргызстандын күчтүү делген клубдарын, атап айтканда "Сары-Өзөн" менен "Достукту" жеңип алган. Ал эми "Астана" өз тайпасында "Жетису" жана "Түркстан" командаларын жеңип, финалга жолдомо алган.

Көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө чемпиондугу 13-августта башталган. Ага Кыргызстан, Казакстан, Орусия, АКШ жана Өзбекстандан келген 22 команда катышып, 3 форматта мөөрөй талашышты.

Аталган спорттук мелдештин башкы максаты көк бөрү спортун эл аралык деңгээлде өнүктүрүү жана мамлекеттер аралык ынтымакты бекемдөө болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан