Кечээ, 21-августта өлкө башчы Садыр Жапаров Венгриянын Будапешт шаарында жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатынын эркектер арасындагы жарышынын финалына ардактуу конок катары катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалымдалгандай, аталган иш-чарага Садыр Жапаров менен бирге Азербайжандын лидери Илхам Алиев, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев, Сербиянын президенти Александр Вучич, Катардын Эмири Тамим бин Хамад Аль Тани жана башкалар катышты.
"Бул дүйнө чемпионаты 200дөн ашуун чет өлкөлөрдүн өкүлдөрү, анын ичинде Кыргызстандын спортчулары олимпиадалык оюндардан кийин спорттук рейтингде алдыңкы орунду ээлейт.
Бул мелдештер эки жылда бир өткөрүлөт. Программага жеңил атлетиканын 44төн ашык түрү киргизилген. Бул мелдештерге дүйнөдөгү бардык күчтүү жеңил атлетчилер катышат", - деп айтылат маалыматта.