
Өлкө аймагында сутка ичинде 24 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, өрттү өчүрүүгө 25 бөлүм тартылган.
- Бишкек шаарында - 5;
- Ош облусунда - 3;
- Ош шаары - 1;
- Жалал-Абад облусунда - 5;
- Чүй облусунда - 8;
- Баткен облусунда - 1;
- Талас облусунда - 1 өрт кырсыгы катталган.
Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгону кабарланат.