Кочкордогу Сары-Булак айылынын башчысы кармалды

Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагынын башчысы жана Кара-Суу айыл аймагынын башчысынын орун басары УКМК кызматкерине ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, алар 16-август күнү УКМК кызматкерине кылмыш жоопкерчилигинен качкандыгы үчүн 125 миң сом өлчөмүндө акча каражатын берип жаткан жеринен кармалган.

"Жогорудагы жарандар Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын аймагынан жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестринин маалыматты каттоо журналына катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган. Ошол эле күнү кармалгандар Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдиришти УКМКдан.

Учурда УКМК тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө байланыштуу башка адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан