Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри менен жолугушту. Талкууланган маселелер

Өлкө башчы Садыр Жапаров кечээ, 20-августта Будапешт шаарына болгон иш сапарынын алкагында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту.

Президентттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуууда кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн актуалдуу маселелери, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүү талкууланды.

Виктор Орбан кыргыз-венгер кызматташтыгын тереңдетүү тууралуу айтып жатып, Кыргызстан менен Венгриянын элдерин жакындаштыруу үчүн эки мамлекеттин борборлорунун ортосунда түз авиакаттам ачуу зарылдыгын белгиледи. Ал билим берүү тармагындагы кызматташууга да көңүл буруп, Венгрияда квота боюнча алдыңкы университеттерде билим алып жаткан кыргызстандык студенттерди канааттануу менен белгиледи.

Президент Жапаров экономикалык байланыштарга токтолуп, Кыргызстан үчүн Венгрия менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну өнүктүрүү приоритеттүү багыт болуп саналарын белгиледи. Ушул жылдын беш айында өткөн жылдыш ушул мезгилине салыштырмалуу эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн оң динамикасы белгиленди.

Ошондой эле мамлекет башчысы Виктор Орбанды өзүнө ыңгайлуу убакта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Тараптар эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мындан ары да өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйөрсүндө кеңейип жана бекемделерине ишеним артышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан