Кечээ, 20-августта Эквадордогу президенттик шайлоонун биринчи айлампасы жыйынтыкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, биринчи турдун алдын ала жыйынтыгы боюнча солчулдардын өкүлү, "Жарандык революция" партиясынын мүчөсү Луиза Гонсалес алдыда келе жатат. Ал 33 пайыз добушка ээ болгон. Экинчи орунда болсо мурдагы парламенттин мүчөсү Даниел Нобоа экени айтылууда. Эми талапкерлер 15-октябрга белгиленген экинчи айлампага катышат.
Бирок акыркы жыйынтык бир нече күндөн кийин жарыялана турганы айтылды.
Белгилей кетсек, Эквадордо 9-августта президенттикке талапкерлердин бири, мурдагы журналист жана коррупцияга каршы активист Фернандо Вильявисенсио Эквадордун борбору Китодо киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Буга жооп иретинде өлкөдө эки айга өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Президенттик шайлоо күнү Эквадордун жарандары парламент мүчөлөрүн да шайлашкан жана эки референдумга добуш беришкен.
Акыркы убакта Эквадордун негизги көйгөйү катары баңги мафиясынын ортосундагы согуштан улам келип чыккан зордук-зомбулук болуп саналат. Колумбия менен Перунун ортосунда жайгашкан бул өлкөдө акыркы жылдары баңги соодасынан улам жүздөгөн адам каза болгон. Буга чейин өлтүрүлгөн президенттикке талапкер Фернандо Вильявисенсиодун өлүмү да баңги мафиясына байланышы бар экени айтылган.