
Чүй облусунда сугат суунун агымын көзөмөлдөөчү автоматташтырылган аппараттар орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, 18-августта Чүй облусунда эксперименталдык каналдарга орнотулган сууну эсепке алуунун жана суу бөлүштүрүүнүн автоматташтырылган тутумунун иштөөсү орнотулду.
"Сугат суунун агымын көзөмөлдөө үчүн автоматташтырылган аппараттар ата мекендик өндүрүш болуп саналат.
Алар өлкөнүн сугат чарба илим-изилдөө институтунун окумуштуулары тарабынан суу аз болгон мезгилде талааларга келип жаткан сууну эсепке алуу көйгөйүн чечүү үчүн түзүлгөн.
Бүгүн 40 райондун суу чарба башчылары жана жооптуу түзүмдөрдүн өкүлдөрү үчүн семинар өткөрүлдү. Анда суу ресурстарынын абалы жана башкаруу маселелери талкууланып, сууну өлчөөчү жана бөлүштүрүүчү аппараттар боюнча кеңири маалымат ала алышты", - деп жазылат анда.
Мындан тышкары, семинарда суу ресурстарынын мониторингин уюштуруу концепциясынын жана алдын ала жыйынтыктары боюнча талкуу болгону айтылат.