Нигерде 50 миңден ашык жаран ыктыярдуу түрдө элдик полицияга кошулуу ниетин билдирди. Бул тууралуу Lesahel порталы билдирди.
“Мекенди колдоо үчүн жаштарды мобилизациялоо” деп аталган демилгенин уюштуруучуларынын бири Юнус Химдин айтымында, өлкөнү аскерий интервенциядан коргоону каалагандардын саны 50 миңден ашкан. Хим белгилегендей, элдин көп агымынан улам бийлик полицияга кабыл алууну убактылуу токтотууга аргасыз болгон.
Белгилей кетсек, 26-июлда Нигерде бийликти президенттин гвардиясынын аскер адамдарынын тобу басып алган. Андан кийин куралдуу күчтөрдүн башчысы да козголоңчуларга кошулган. Жаңы бийлик президент Мохамед Базумду мамлекетке чыккынчылык кылган деген айып тапкан. Президент Мохамед Базум АКШга жана эл аралык коомчулукка кайрылып, конституциялык тартипти калыбына келтирүүгө чакырган.
Козголоңчулардын аракеттери БУУда, АКШда, Африка Биримдигинде жана ЕБде айыпталып, ECOWAS өлкөлөрү аларды аскердик кийлигишүү менен коркутушкан. Козголоңчулар өз кезегинде башка өлкөлөрдүн кийлигишүүсү Нигерди басып алуу катары караларын эскертип, бийликтен кулатылган президентти өлүм жазасына тартуу менен коркутушкан.