Нарында милиция кызматкерлери эс алып жүргөн чет өлкөлүк жарандын уюлдук телефонун таап беришти. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-август күнү милиция кызматкерлерине АКШнын жараны кайрылып, Соң-Көл көлүнөн iPhone үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жоготуп алгандыгын билдирген.
"Ошол эле күнү милиция кызматкерлери тез аранын ичинде жоголгон телефонду таап, ээсине кайтарып беришти.
Өз кезегинде турист милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирди", - деп жазылат маалыматта.