Түндө Арашанда параплан менен учкан адам кулаган. Ал бүгүн куткарылды

Арашан капчыгайына параплан менен кулаган орус жараны куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, кечээ, 20-август күнү саат 23:55те К.П. аттуу 48 жаштагы жаран параплан менен учуп, Аламүдүн районунун Арашан капчыгайында кулаганы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Жерине издеп-куткаруу иштерине ӨКМнын Чүй облустук башкармалыгынын офицери Улан Абдраимовдун жетекчилиги менен Аламүдүн райондук ӨКБдан 4 куткаруучу чыккан.
Бүгүн, 21-август күнү Орусиянын жабыркаган жаранын тоодон алып түшүп, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан