Түркиянын Сивас шаарынан Стамбулга бараткан жүргүнчү автобусу каршы тилкеге чыгып, 30 метрлик тосмого оодарылып кетти. Кырсыктан 12 адамдын каза тапканын түркиялык басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, окуя бүгүн, 21-августка караган түнү болгон. Анда 31 жүргүнчүнү ташыган автобус оодарылып кетип, 12 адам каза тапкан жана 19 адам ооруканага жеткирилген.
"Йозгат облусунун Соргун районунда жүргүнчү ташыган автобус аңга кулап кеткен. Кырсыктын кесепетинен 12 адам каза болуп, 19 адам жаракат алган", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, 11 адам окуя болгон жерде каза тапса, бир бейтап ооруканада көз жумган. Ал эми жабырлануучулар Соргун шаарынын мамлекеттик ооруканасына жаткырылган, экөөнүн абалы оор деп бааланууда. Учурда кырсыкка байланыштуу тергөө иштери жүрүп жатканы айтылууда.