Чүй облусунун Жайыл районунда 4 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 4 жаштагы кыз табылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Чүй ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-август күнү Жайыл РИИБине аталган райондун Р.У аттуу тургуну кайрылып, 17-августтан бери Р.С аттуу 4 жаштагы жээни табылбай жатканын билдирген. Аталган факты Жайыл РИИБинде каттоого алынып, издөө иштери башталган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Р.С бүгүн, 21-августта Бишкек шаарындагы балдардын реабилитациялык борборлорунун биринен табылганы айтылды.