Нурмат Садыров: “Күйөрмандарымдын баарын Супер концертке чакырам”

Мына, жыл жыйынтыгын чыгарчу Супер концертке саналуу гана сааттар калды. 13-14-декабрда Улуттук филармонияда өтчү жарышка жылдын мыктылары кандай даярдык көрүшүүдө? Концерт алдынан жылдыздардын даярдыгына кызыгып байланышка чыктык. 
"Мен сүйгөн менен пайда жок" ыры менен "Жылдын супер ыры" наамына ат салышып жаткан ырчы Нурмат Садыров "Атаандаштарымдын оңой кишилер эмес экени белгилүү эмеспи. Андыктан мен жеңгенге да, жеңилгенге да даярмын. Менин кубанганым эл менин ырымды жактырып угуп, хит кылганы. 
Азыркы тапта атайын Супер концерт үчүн сатып алган формамды үтүктөп жатам. Эми ийгилик кимге жылмаяры концертте билинет да. Андыктан бардык күйөрмандарымды Супер концертке чакырам" деп билдирди. 
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kunnur
2013-12-13 15:19:09
Ийгилик бул ырды мен кунуно бир жолу угам эмнеси менен жагат билбейм негедир уккулукту добушту да нурматка бергем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан