Кыргыз улуттук драма театры 97-театр сезонуна үч спектакль даярдоодо

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 97-театр сезонуна үч спектакль даярдоодо. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Алар:
1. Ж.Сармандын калемине таандык “МА-МУРЭ” спектакли. Режиссёру- КР эл артисти Эгемберди Бекболиев;
2. СССРдин эл артисти, көрүнүктүү театр жана кино актрисасы Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгына карата М.Гапаров, Г.Гапарованын калемине таандык “Былтыркы кар кайда” спектакли. Режиссёру - КР эмгек сиңирген артисти Динара Абдыкадырова.
3. Орус классиги М.Горькийдин калемине таандык “Түпкүрдө” спектакли. Режиссёру - Адыл Болорбек Уулу.
Белгилей кетсек, театр ушул жылдын 15-сентябрында саат 18:30да Жалил Садыковдун калемине таандык “Төлгө” спектакли менен эшигин ачат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан