Эртеңкиге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 22-августта өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлайт.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35 градус,

Талас дубанында түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37 даражага чейин жетет,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28 градус,

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30 градус жылуу болот.,

Борбор калаа Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 33…35 даража болот.

Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан