Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүн бойлой жаңы тротурдын курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Бишкек мриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай,Тоголок Молдо көчөсүн бойлой тротуардын капиталдык курулушу башталды. Оңдоо жумуштарын "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасынын подряддык уюму жүргүзүүдө.
Ага ылайык, Жибек-Жолу проспектисинен "Спартак" стадионуна чейин иш башталды. Учурда бригада тротуарларга бордюрларды орнотууда.
Белгилей кетсек, курулуш иштери Жибек-Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейин чыгыш тараптан пландалууда.