Жалал-Абадда эгиз балалуу болгон кайгуул кызматкерине 20 миң сом тапшырылды

Бүгүн, 21-августта Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Жеӊишбек Абитов эгиз балалуу болгон облустук милициянын кайгуул кызматынын кызматкери Орманали Асановду куттуктады.

Мекеменин басма сөз кызматынан билдиргендей, Жеӊишбек Абитов эгиз балалуу болгон кызматкерге Жалал-Абад ОИИБинин атынан 20 000 сом тапшырды. Ошондой эле кызматтык милдетине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы үчүн ыраазычылык катын ыйгарды.

"30 жаштагы милициянын кенже сержанты Орманали Асанов ички иштер органдарында 2021-жылдан тартып кызмат өтөп келет. 31-июлда жубайы эгиз (1 уул, 1 кыз) төрөгөн. Учурда ал 3 баланын атасы", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан