Бишкек шаарын жашылдандыруу иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта шаардык мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасы борбор калаанын жашыл аянтчаларына кам көрүүнү улантып жатат.
"Бишкектин төмөнкү көчөлөрү арыктардын жардамы менен сугарылды:
Тынчтык, Ч.Айтматов, Манас проспектилери, Тыныстанов, Токомбаев, Айтиев, Донецкая, Абдрахманов, Үсөнбаев, Бөкөнбаев, Шопоков, Манасчы Сагынбай көчөлөрү.
Ошондой эле Шабдан Баатыр, Чокан Валиханов, 7-апрель, Огонбаев, Ибраимов көчөлөрүндө, Тоголок Молдо, Театралдык бакчаларында, Жаш Гвардия жана Эркиндик бульварларында сугат иштери суу түтүктөрү аркылуу сугарылууда", - деп жазылат анда.
Буга катар эле шаардын Байтик-Баатыр, Пушкин, Ахунбаев, Токомбаев, Ибраимов, Масалиев жана башка көчөлөрүнүн боюндагы гүлзарларды жана жашыл аймактарды отоо жана тазалоо иштери жүргүзүлгөнү айтылат.