Бүгүн, 21-августта Жалал-Абад облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Өлкөнүн Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 15:44тө облус аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ноокен районунун Момбеков, Курулуш, Кара-Булак айылдарында 3,5 балл, Кочкор-Ата шаарчасы жана Масы айылында 3 балл, Шамалды-Сай шаарчасында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.