Adobe программалык камсыздоосун иштеп чыгуучу компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Жон Уорнок 83 жашында каза болгонун Adobe басылмасы жазып чыкты.
Маалым болгондой, Джон Уорнок 19-августта үй-бүлөсү жана досторунун курчоосунда каза болгон.
Уорнок Adobe компаниясын 1982-жылы өнөктөшү Чарльз Гешке менен негиздеген. Алар мурда Xerox компаниясында чогуу иштешкен.
"Анын көрөгөчтүгү жана каалоосу Adobe компаниясын Illustrator, бардык жерде кеңири тараган PDF жана Acrobat файл форматы, Photoshop жана Premiere Pro сыяктуу өнүмдөрдү чыгарууга алып келди, бул иш столунун доорун аныктап, миллиондогон адамдар үчүн чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрдү ачты", - деп айтылат компаниянын сайтында.
Жетишкендиктери үчүн Уорнок технология жана инновация үчүн улуттук медаль менен сыйланган, аны АКШнын мурдагы президенти Барак Обама тапшырган.