Ала-Арча капчыгайында бутун кокустатып алган чет элдик туристтерге жардам көрсөтүлдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Ала-Арча капчыгайында бутун кокустатып алган чет элдик туристтерге жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, кечээ, 21-августта Аламүдүн районунун Ала-Арча капчыгайындагы Жарылган-Жүрөк тоосунда украиналык 67 жаштагы Ж.Н. аттуу жараны жана капчыгайдагы шаркыратмага жакын жерден Чехия өлкөсүнүн 71 жаштагы К.Д аттуу жараны буттарын кокустатып алышкан.
Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 6 куткаруучу чыгышканы айтылат.
"Куткаруучулар жеткенге чейин украиналык туристти "Ала-Арча" улуттук жаратылыш паркынын кызматкерлери "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ал эми Чехия өлкөсүнүн жаранын куткаруучулар тоодон түшүрүп, №4 шаардык клиникалык ооруканасына жеткирип беришкен", - деп жазылат анда.
Учурда чет өлкөлүк аял туристтердин абалы канааттандырарлык экени маалымдалат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан