Эртең, 23-августта Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, Киркомстром аймагындагы суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу ичүүчү суу 10:00дөн 21:00гө чейин өчүрүлөт. Суу берүү турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки уюмдарда, ооруканаларда жана башка социалдык-тиричилик багытындагы өнөр-жай объектеринде токтотулат.
Өчүрүү району төмөнкүдөй:
- Абаканов көчөсү - Дэн Сяопин проспектиси - Кустанай көчөсү - Темир жол тилкеси
- Кустанай көчөсү - Волков көчөсү - Садыгалиев көчөсү - Дэн Сяопин проспектиси