Американын мурдагы президенти жана миллиардер Дональд Трампка 200 миң доллар күрөө менен эркиндикте жүрүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, мындай чечимди Трамптын шайлоонун жыйынтыгын чыгарууга кийлигишүү аракетин иликтеп жаткан АКШнын Жоржия штатынын соту кабыл алган. Кепилдик боюнча чечимде Дональд Трамп күбөлөрдү коркутууга аракет кылбаса, сот процессине чейин эркиндикте жүрө ала турганы айтылат.
Трамп жана Жоржия иши боюнча башка 18 айыпталуучу да жума күнү түшкө чейин штаттын борбору Атлантадагы Фултон округдук сотуна келиши керек. Трамп өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына ал жакка бейшемби күнү келерин жазган.
Белгилей кетсек, Жоржия окуясынан тышкары, Дональд Трампка дагы үч иш козголгон. Бирок Трамп бардык айыптоолорду четке кагып, бул аракетти саясий оппонентти куугунтуктоо катары эсептээрин айтып келет.
Буга чейин 77 жаштагы Трамп 2024-жылы президенттикке талапкерлигин кайрадан коё турганын билдирген.