Токмокто Лексус 470 унаасынын 90 миң сом айып пулу болгон. Айдоочу төлөдү

Токмок шаарында унаасын тротуарга токтотуп кеткен жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымдашты.

Анда айдоочу Лексус 470 үлгүсүндөгү авто унаасын жөө жарандар өтүүчү жерге токтотуп, кетип калган.

Кызматкерлер ошол замат айдоочусун аныктап, унаасын текшерген учурда унаа буга чейин “Коопсуздук шаар” долбоорунун алкагында орнотулган камераларда 90 миң 300 сом айып пулун төлөбөй жүргөндүгү аныкталган.

Жыйынтыгында авто унаа айып короо жайына токтотулуп, тийиштүү протоколдор толтурулган. Кийин айдоочу толук айып пулдарын төлөгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан